Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик департаменти өлкөнүн 250 жылдыгына арналган, президент Дональд Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн чектелген сандагы атайын паспортторду берүү программасын кеңейтет. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Интерфакс жазды.
Маалыматка ылайык, август айынан тартып АКШнын 27 паспорттук борборунда “Patriot Passport” деп аталган атайын сериядагы паспорттор бериле баштайт. Буга чейин мындай документти Вашингтондогу борбордук кеңседен гана, жеке кайрылган жарандар ала алчу.
Бул эстелик паспортто АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын портрети ички баракчага алтын түстөгү факсимиле кол тамгасынын үстүнө жайгаштырылган.
Ошондой эле паспорттун сырткы көрүнүшү өзгөртүлүп, мукабасына алтын түстө “United States of America” жана “Passport” деген жазуулар түшүрүлгөн. Арткы бетине алтын түстөгү желек жана жылдыздар менен курчалган “250” саны чагылдырылган.
Мамлекеттик департамент жарандардын кызыгуусу жогору болгондуктан кошумча 250 миң даана эстелик паспорт чыгарылганын билдирди.
8-августтан тартып Колорадо штатындагы Сентенниал, Чикаго, Даллас, Детройт, Жаңы Орлеан, Нью-Йорк жана Коннектикут штатындагы Стэмфорд шаарларындагы паспорттук борборлордо атайын кабыл алуу күндөрү уюштурулат. Кийинчерээк мындай борборлордун саны дагы да көбөйтүлөт.
Эстелик паспортко арызды белгиленген күндөрү гана жана жеке өзү барып тапшыруу талап кылынат. Ал эми кадимки паспорттор башка күндөрү кадимки тартипте бериле берет.
Учурдагы АКШ паспортторунда негизинен Рашмор тоосундагы президенттердин эстелиги, Эркиндик айкели, Эркиндик коңгуроосу, Көз карандысыздык залы жана өлкөнүн кооз жаратылыш көрүнүштөрү түшүрүлгөн. Ошондой эле алардын ичинде Мартин Лютер Кингдин жана бир катар АКШ президенттеринин цитаталары жазылган.