АКШда Трампка каршы ири демонстрация өтөт

Дүйнө Загрузка... 12 Июнь 2025 16:40
WhatsApp Image 2025-06-12 at 11.51.59.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. 14-июнда АКШда Трампка каршы нааразылык акциялары өтөт. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Уюштуруучулардын айтымында, бул президент Дональд Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү башталгандан берки эң ири нааразылык акциясы болушу мүмкүн.

Өз кезегинде Трамп алдыда өтө турчу нааразылык акциялары "өтө олуттуу күч" менен кабыл алынарын айтты.

Уюштуруучулардын баамында, Пуэрто-Рико менен кошо 50 штатта жана аймактарда 1 миң 800дөн ашык нааразылык акцияларына миллиондогон адамдар катышат.

Бул күнү нааразылык акцияларды Колумбия, Малави, Италия, Португалия, Германия жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө да өткөрүү пландаштырылууда.