АКШда 3 кыргызстандыкты өлтүрүп кетишкен. Окуя ТИМдин көзөмөлүндө

Кырсык Загрузка... 11 Март 2025 12:20
3c28c910-734c-3c67-bd95-9c1331462c63.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Американын Иллинойс штатында кыргызстандык үй-бүлөнүн 3 мүчөсүн өлтүрүп кетишкен. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык жагдайларды тактоо үчүн Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу АКШнын укук коргоо органдарына ыкчам түрдө кайрылган.

АКШнын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, КР жарандары: 1980-жылы туулган М.А., анын 1977-жылы туулган жубайы А.Б. жана алардын 2019-жылы туулган уулу М.А.нын сөөгү табылган. 

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат жана тергөөнүн купуялуулук принциби үчүн окуянын чоо-жайы айтыла элек.

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маалымат түшкөн учурдан тартып укук коргоо органдары жана каза болгондордун туугандары менен туруктуу байланышта. Ошол эле учурда сөөктөрдү мекенине жеткирүүгө байланыштуу бардык маселелер иштелип чыгууда.

Бул иш КР Тышкы иштер министрлигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун өзгөчө көзөмөлүндө.