Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. АКШнын Ички коопсуздук министрлиги мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо, чет элдик жарандардын өз ыктыяры менен мекенине кайтуусун уюштуруу, медициналык эвакуация жана өзгөчө кырдаалдардагы миссияларды аткаруу үчүн мамлекеттик авиатопту түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.
Маалыматка ылайык, министрлик учурда учактарды башкаруу, учуу экипаждарын, техникалык тейлөөнү, медициналык кызматкерлерди камсыздоону уюштура турган подрядчыны издеп жатат.
Долбоорго ылайык, авиапарк жети даана Boeing 737-700 же ага окшош, ошондой эле эки даана узак аралыкка уча алган учактардан турушу керек.
Азыркы учурда АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы негизинен жеке авиакомпаниялардын чартердик каттамдарын пайдаланат. Ал эми жаңы авиа топ ички жана эл аралык каттамдарды үчүнчү тараптын кызматын колдонбостон аткарууга мүмкүнчүлүк берет.
Ички коопсуздук министрлиги өзүнүн авиапаркы депортациялоо иштерин тездетип, федералдык бюджетке жылына 279 миллион долларга чейин үнөмдөөгө шарт түзөрүн билдирген.
Ошондой эле бийлик өкүлдөрү авиа топту жайгаштыруунун бир нече вариантын карап жатышат. Алардын арасында бир негизги база түзүү же ири коммерциялык авиакомпаниялар сыяктуу бир нече аэропорттон турган тармактык моделди колдонуу сунушталууда.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Ички коопсуздук министрлигинин иммиграция кызматтарын каржылоого 70 миллиард доллар бөлгөн мыйзамга кол койгону кабарланган.