Бишкек, 29.05.25./Кабар/. Америка Кыргызстанга жасалма интеллект чөйрөсүндө потенциалын ачууга көмөктөшүүгө умтулат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Бишкекте өтүп жаткан маалымат технологиялар форумунда билдирди.
“Мен жасалма интеллект боюнча Кыргызстанда IT-форумдун ачылышына катышып жатканыма кубанычтамын. Биринчи кезекте санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангуловго жана жогорку технологиялар тобуна бул иш-чараны уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди Лесли Вигери.
Анын айтымында, Америка Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүү, айрыкча жасалма инеллект боюнча иштерин колдойт.
"Биз санариптик доордо жашап жатабыз жана экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана татаал көйгөйлөрдүн чечимдерин табуу үчүн ЖИ сыяктуу инновациялык ыкмаларды колдонушубуз керек", - деди ал.
Элчи ошондой эле АКШ башка өлкөлөр менен бул жаңы технология боюнча кызматташууну каалай турганын жана алар ЖИ тармагындагы зор потенциалын ачууга жардам берүү үчүн Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин белгиледи.
"Элчиликте биздин эки негизги максаттарыбыздын бири - АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо. Биз өлкөнүн эң келечектүү тармактарынын бири болгон технология жана ЖИ тармагында ийгиликке жетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдоого умтулабыз", - деп кошумчалады дипломат.