Бишкек 24.03.25 /Кабар/. Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууга, экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө, инвестициялык жана бизнес долбоорлору менен иштешүүгө кызыкдар. Бул тууралуу КР Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановдун АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушкан учурунда белгилүү болду.
Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда Талантбек Иманов Кыргызстан АКШнын эл аралык компаниялары жана институттары менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирип, “биз экономикабыздын туруктуу өнүгүүсү үчүн жаңы демилгелерге, эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө даярбыз”, - деген оюн билдирген.
Ал эми Лесли Вигери америка тарап Кыргызстандын инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого жана өз ара кызматташууга даяр экендигин белгилеген.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана жаңы инвесторлорду тартып келүүгө байланышкан бизнес-форумдарды, инвестициялык конференцтяларды жана тематикалык “тегерек столдорду” өткөрүп турууну макулдашышкан.