АКШ импорттоочуларга 100 млрд доллар кайтарды

Дүйнө Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-08-06 at 09.03.36.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. АКШнын бийлиги мурда алынган бажы төлөмдөрүнүн дээрлик 100 миллиард долларын импорттоочу компанияларга кайтарып берди. Бул тууралуу ТАСС маалымдады.

Сотко тапшырылган документтерге ылайык, өкмөт азыркыга чейин жалпысынан 166 миллиард доллар болуп чогулган каражаттын 100 миллиард долларга жакынын кайтарып берген. Бул жалпы сумманын болжол менен 60 пайызын түзөт.

Быйыл февраль айында АКШнын Жогорку соту Эл аралык өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзам (IEEPA) президентке мындай бажы төлөмдөрүн киргизүүгө укук бербей турганын аныктаган. Андан кийин Эл аралык соода боюнча федералдык сот өкмөттү мыйзамсыз алынган каражаттарды импорттоочуларга кайтарып берүүгө милдеттендирген.

Ошол эле учурда Дональд Трамптын администрациясы ушул сыяктуу тариф саясатын башка мыйзамдык механизмдер аркылуу сактап калуунун жолдорун издеп жатканы айтылууда.

Дональд Трамп буга чейин киргизилген бажы төлөмдөрү АКШга жүздөгөн миллиард доллар киреше алып келгенин билдирген. Ал эми Жогорку соттун чечиминен кийин тарифтерди киргизүүнүн башка ыкмаларын колдонууга туура келгенин белгилеген.

Эске салсак, буга чейин АКШнын 25 штаты Трамптын администрациясын сотко берип, июль айында 59 өлкөгө жана Европа Биримдигине карата киргизилген импорттук бажы төлөмдөрүн жокко чыгарууну талап кылышкан.