АКШ 60 мамлекетке карата жаңы бажы алымдарын киргизди

Дүйнө Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 09:05
67898833-d213-4520-986d-25f54d81eea1.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. АКШ 60 ири соода өнөктөшүнө карата жаңы бажы алымдарын киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн Соодо өкүлчүлүгүнүн расмий билдирүүсүнө таянып, Известия маалымдалды.

Ага ылайык, жаңы тарифтердин өлчөмү 10%дан 12,5%га чейин өзгөрөт. Чечим мажбурлап иштетилген эмгек менен өндүрүлгөн товарларды импорттоого мыйзамдык тыюу салбаган же анын аткарылышын талаптагыдай камсыздабаган мамлекеттерге карата кабыл алынган.

Мажбурлап иштетилген эмгек менен өндүрүлгөн товарларды алып кирүүгө мыйзам аркылуу тыюу киргизген 17 мамлекет үчүн 10%дык минималдуу алым белгиленди. Алардын катарына Улуу Британия, Индия, Канада жана Мексика кирет.

Ал эми Вашингтондун талаптарын аткарбаган өлкөлөр үчүн 12,5%дык негизги бажы алымы колдонулат. Европа Биримдиги, Япония, Түштүк Корея жана Швейцариядан импорттолгон айрым товарларга да 10% же 12,5% өлчөмүндө алым салынары айтылды.

Жаңы бажы алымдары бүгүн күчүнө кирип, буга чейин убактылуу колдонулуп келген 10%дык тарифтин ордун басат.