Айыл чарба илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстандын агрардык секторуна жашылча, жемиш, эт жана сүт өндүрүүчүлөр, ошондой эле аларды кайра иштетүүчүлөр үчүн КНСти жоюу кандай таасир этери тууралуу айтып берди. Министрлер кабинети жер иштетүүчүлөрдү жана фермерлерди өндүрүштүн өзүнө турган наркынын өсүшү шартында колдоо, андан тышкары азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана импорттон көз карандылыкты азайтуу максатында бул чараны беш жылга киргизүүнү көздөөдө.
- Сиз агрардык илимпоз катары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы абалды башкаларга караганда жакшы билесиз. 2030-жылга чейин аграрчылар үчүн КНСти жоюу кандай таасир этиши мүмкүн?
- Эгерде Суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бул долбоору боюнча өкмөттүн тиешелүү токтому кабыл алынса, анда бул өлкө калкынын 65 пайызын түзгөн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн эң күчтүү колдоо болот. Башкача айтканда, дыйкандарды жана кооперативдик чарбаларды 12 пайыздык КНСтен бошотуу, айыл жергесинде жашаган көпчүлүк адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга абдан жакшы таасир этет.
Учурда дыйкандар үчүн эң жагымдуу жеңилдик – бул 6 пайыздык жеңилдетилген насыяларды берүү. Бирок бул жеңилдик товардык продукция өндүрүүчүлөрдүн эң көп дегенде 10 пайызын гана камтыйт. Ал эми бүткүл агроөнөр жай комплекси, айрыкча аны кайра иштетүү тармагы, жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздигинен, тагыраак айтканда, жоктугунан жапа чегүүдө.
Бул жерде бардык салыктарды 12 пайызга төмөндөтүү олуттуу жардам экени көрүнүп турат. Бул жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдүн тигил же бул продукцияны, айрыкча биз мамлекеттик бюджеттен эбегейсиз каражат сарптап, сырттан импорттогон продукциянын түрлөрүн өндүрүүнү көбөйтүүгө болгон материалдык кызыкчылыгынын олуттуу жогорулашын билдирет.
- Импортту алмаштыруу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөт калкты атамекендик өндүрүштөгү продукция менен жеткиликтүү баада камсыз кылууну максат кылууда. Бул социалдык туруктуулуктун жана мамлекеттин экономикалык туруктуулугунун фактору. Импорттук азык-түлүктүн баасы тышкы конъюнктурага, логистикага жана транспортко болгон тарифтердин өзгөрүшүнө, чек арадан өтүүдөгү кыйынчылыктарга абдан көз каранды. Азыр бул көз карандылыкты азайтуу канчалык маанилүү?
- Расмий эмес маалыматтарга ылайык, республика жыл сайын чет өлкөлөрдөн, биринчи кезекте Россия Федерациясынан, Казакстандан, Беларусиядан жана Кытай Эл Республикасынан бизге керектүү айыл чарба азыктарын 800 миллион доллардан ашык суммага импорттойт. Бул нан, өсүмдүк майы, жемиш өсүмдүктөрү. Биз түпкүлүктүү мал чарбасы өлкө болсок дагы, ал тургай, эт сыяктуу өтө маанилүү азыктарды дагы чет жактан алып келебиз. Ал эми кошумча нарк салыгынан 12 пайызга бошотуу менен атамекендик өндүрүштү көбөйтүп, импортту алмаштыруу боюнча маселени чече алат.
Мамлекет тарабынан туруктуу жардам көрсөтүлсө, биз кийинки 5 жылдын ичинде азык-түлүк коопсуздугун түзгөн тогуз айыл чарба түрү менен толук камсыз боло алабыз.
Агрардык өндүрүштү күчөтүү бардык жарандардын, айрыкча шаар калкынын күнүмдүк жашоосун жакшыртат, анткени дүкөндөрдө негизинен сапаттуу жана арзан ата мекендик азыктар болот. Азыр болсо башка өлкөлөрдөн импорттун айынан азык-түлүккө болгон муктаждыктын 70 пайызына жакыны камсыздалууда, тегерек-четтин баары кымбаттап жатат. Бул мурда айткандай, эмгекчилердин капчыгына оор келет.
- Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында пайда болгон стимулдар жөнүндө эмне айтууга болот. Жашылча-жемиштерди, дан эгиндерин, эт жана сүттү өстүрүү көлөмүнүн көбөйүшү заводдорду жана фабрикаларды курууну талап кылат. Бул багыттын өнүгүшүн сиз кандай элестетесиз?
- Мени адис жана окумуштуу катары жашылча-жемиш, дан эгиндери жана төө буурчак өсүмдүктөрү, ошондой эле мал чарбасынын бардык продукциялары: эт, сүт жана жумуртка сыяктуу эң маанилүү өсүмдүктөрдүн КНСтен бошотулушу кубандырат. Бизге кошумча наркты камсыз кылган ушул социалдык маанилүү азыктарды кайра иштетүү абдан зарыл. Тилекке каршы, биз экологиялык жактан таза продукциябызды негизинен чийки түрүндө экспорттойбуз, ошону менен чет элдик, бай мамлекеттерге өзүбүздүн кошумча наркыбызды бекерге берип жатабыз.
Баары салыштыруу аркылуу билинет. Эгерде биз мурда өзүбүздө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын 50 пайызына чейин кайра иштетсек, азыр бул көрсөткүч болгону 5 пайызды түзөт. Бул кайдагы иш? Дыйкандарды КНСтен бошотуу соода-логистикалык борборлорду жана кайра иштетүүчү ишканаларды, жада калса завод-фабрикаларды курууга түрткү берет. Буга эч кандай шек жок, чет элдик инвесторлор тартылат.
Мында айтылгандай, "сага да, мага да пайдалуу". Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү КНСтен бошотуунун фонунда ушундай активдүү иштин аркасында мисалы, 2030-жылга чейин өстүрүлгөн продукцияны кайра иштетүү деңгээлин 25-30 пайызга чейин көбөйтө алабыз. Бул бүтүндөй агроөнөр жай комплекси үчүн сапаттуу секирик болот.
Муну менен бирге атамекендик өндүрүүчүлөрдү КНСтен бошотуу заманбап айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү менен коштолушу керек жана коштолот деп баса белгилөө зарыл. Бизде 0,5 миллион даана болгон майда товардык жана рентабелдүүлүгү төмөн дыйкан чарбалары кубаттуу техниканы кеңири колдонуу, топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу үчүн илимий алмашууну өздөштүрүү, өз убагында сатууну жана продукцияны ири көлөмдө экспорттоону камсыз кылуу максатында кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү аркылуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ири ишканаларга ыктыярдуу түрдө биригүүгө аргасыз болушат.
Бул өз кезегинде анын өздүк наркынын төмөндөшүнө жана биздин дыйкандар менен фермерлердин таза кирешесинин көбөйүшүнө алып келет.
Эми министрлер кабинети тиешелүү токтомду тез арада кабыл алыш керек.