Акималиев: Кыргызстан азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздай алат

Маек Загрузка... 20 Ноябрь 2025 14:24
7a82125e-c578-4568-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, айыл чарба илимдеринин доктору Жамин Акималиев «Кабарга» берген маегинде өлкөнүн айыл чарбасынын өнүгүшү жана агрардык сектордо жүрүп жаткан реформалар тууралуу кеңири баяндап, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган бир катар маанилүү маселелерге токтолду. Ошондой эле ички рынокту жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана бааларды кармоо саясаты тууралуу да сөз болду.

Кыргызстандын агрардык секторунда масштабдуу өзгөрүүлөр жүрүүдө. Илимпоз катары бул өзгөрүүлөрдү кандай мүнөздөйсүз жана кайсыларын эң маанилүү деп айта аласыз?

Чынында эле республика экономикасынын эң маанилүү тармагы болгон айыл чарбасында олуттуу өзгөрүүлөр байкалууда. Натыйжада бүгүн биз керектүү 9 негизги азык-түлүктүн 6 түрү боюнча өз өлкөбүздү толук камсыздап жатабыз. Азырынча буудай (нан), өсүмдүк майы, -мөмө-жемиш менен жарым-жартылай камсыздап жатабыз.

Кант боюнча айта кетсем, былтыр 120 миң тонна кумшекер өндүрүп, муктаждыктын 80%ын жаптык — мындай көрсөткүч акыркы бир нече жылда болгон эмес. Бирок, быйыл сугат суунун жетишсиздигинен төмөн түшүм алынганы үчүн 60 миң тонна гана кант өндүрө алабыз, калганын сырттан алып келүүгө туура келет.

Иш жүзүндө алдыдагы 5 жылда биз 9 социалдык маанилүү азыктын баары боюнча толук өз алдынча камсыз болууга толук мүмкүнчүлүккө ээ болобуз. Бул үчүн негизги дан эгиндеринин аянтын 350 миң гектарга чейин көбөйтүп, анын жок дегенде 60%ын күздүк буудайга бөлүү зарыл — бул дан түшүмүн жаздык буудайга салыштырганда 35%га жогорулатат.

Мындан тышкары, күн карама, сафлор, рапс, соя жана зыгыр аянттарын 3 эсеге көбөйтүү керек. Биз жыл сайын Ысык-Көл өрөөнүндө жана Баткенде сапаты өтө жогору мөмө-жемиштерди көп өндүрөбүз, бирок кайра иштетүү жана экспорт жолго коюлбагандыктан, түшүмдүн 40%га чейинин жоготуп келебиз. Баткендин кургатылган өрүктөрүнүн жана Ысык-Көлдүн өрүктөрүнүн болгону 1%ы гана жеринде кайра иштетилет. Бул таптакыр туура эмес.

Кайра иштетүү ишканаларды интенсивдүү куруу аркылуу биз ички муктаждыктын баарын өз продукциябыз менен камсыздай алабыз. Бүгүн болсо мөмө-жемиштин жарымына жакынын сырттан алып келип жатабыз. Жумуртка боюнча алганда — жаңы канаттуулар фабрикалары активдүү курулуп, өлкө өз керектөөсүн толук камсыздай турган шарт түзүлүп жатат.

– Жакында Айыл чарба министрлиги Кыргызстан социалдык мааниге ээ болгон товарлар боюнча азык-түлүк коопсуздугуна жетишкенин билдирди. Ошол эле учурда калк баалардын өсүшүнө күбө болууда. Айрыкча эттин кымбатташы өзгөчө тынчсызданууну жаратып, мамлекеттин түздөн-түз аралашуусуна себеп болду. Сиздин көз карашыңызда, жарандар сапаттуу жана арзан айыл чарба продукциясына жеткиликтүү болушу үчүн эмне кылуу керек?

– Эт боюнча бизде породаксалдуу кырдаал түзүлдү. Акыркы жылдары республикада малдын саны бир топ өстү. Тактап айтканда, 2025-жылдын башында бизде 1,8 млн баш ири мүйүздүү мал, 6,3 млн баш кой-эчки, 7,7 млн баш үй канаттуусу, 553,5 миң жылкы жана 61,6 миң баш топоз бар болгон. Бул — советтик доордо болгон көрсөткүчтөрдөн да көп. Чындыгында, фермерлер акыркы мезгилде кой-эчкиге караганда уй, жылкы жана топоз багууну артык көрүүдө, анткени аларды багуу салыштырмалуу үнөмдүү жана кирешелүү деп эсептешет.

2024-жылы республикада 460 миң тонна эт өндүрүлдү — бул 2023-жылга салыштырганда 2,6 пайызга көп. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь–октябрь айларында 371,4 миң тонна эт өндүрүлүп, бул 2024-жылдын ушул мезгилине караганда 4,5 миң тонна көп. Бирок ушундай өсүшкө карабастан, эттин баасы тынымсыз жогорулап жатат. Ушуга байланыштуу мамлекет бул жасалма түрдө түзүлүп жаткан кырдаалга аралашууга аргасыз болду.

Биринчи кезекте, министрлер кабинетинин чечими менен 2025-жылдын 11-августунан баштап 31-декабрына чейин этке мамлекеттик баа жөнгө салуу киргизилип, 1 килограмм эттин баасы 690 сомдон ашпоого тийиш экени белгиленди.

Экинчиден, министрлер кабинети 2025-жылдын 20-августунда чыгарган токтому менен айыл чарба жаныбарларын — ийри мүйүздүү малды, жылкыны жана эчкини өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салды. Мындан тышкары, 2025-жылдын 26-сентябрында бул чечим дагы жарым жылга узартылды.

Бирок, мындай кескин чараларга карабастан, эттин баасы төмөндөбөй, тескерисинче, килограммы 900 сомго чейин жогорулады. Ошол эле учурда фермерлер этти 450–500 сомдон өткөрүшүүдө. Өнүккөн рынок шартында үстөк баа 15 пайызды гана түзүшү керек. Бирок реалдуу турмушта баанын 100 пайызга чейин өсүшүнө туш болуп жатабыз.

Чекене баанын жасалма жогорулоосу эт менен камсыздоо чынжырчасына абийирсиз ортомчулардын аралашуусуна байланыштуу. Бул - кадимки чайкоочулардын баа көтөрүүсү. Мындай көрүнүшкө жол берүүгө болбойт, анткени мындай «ишкерлер» малчылардын оор эмгегин арзандатып, карапайым элдин эсебинен пайда көрүшөт. Алар инфляцияны күчөтүп, мамлекетке олуттуу зыян келтирүүдө. Эгер биз ортомчуларды жойбосок жана алып сатарларды жоопкерчиликке тартпасак, канча эт өндүрбөйлү — баа түшпөйт. Мунун тамыры да ушунда.

Бирок бул оор маселенин дагы бир олуттуу чечими бар — эгер мамлекет өзү малчылардан эт сатып алып, ташып, сактап, кайра иштетип, ички рынокко чыгарып жана экспорттосо. Анда мамлекет чындап эле керектүү баа саясатын жүргүзүп, этке туруктуу бааларды коё алат. Албетте, бул үчүн ири эт комбинаттары жана толук өндүрүштүк-инфраструктуралык чынжыр керек. Балким, керектөө кооперациясын жана даярдоо системасын калыбына келтирүү туурадыр.

Ошондой эле айыл чарба продукциясын, анын ичинде этти сатып алуу, кайра иштетүү жана сатууну жүзөгө ашыруучу атайын республикалык Агропродкорпорация түзүү маселеси да каралышы мүмкүн.

– Республикада канаттуулар фабрикалары ачылып, айыл чарба кооперативдери кеңейип, кайра иштетүү цехтери ишке кирип жатканын көрүп жатабыз. Кыргызстандагы агрардык сектордун келечегин кандай баалайсыз жана анын мүмкүнчүлүктөрү канчалык чоң?

– Сиз суроону так жана туура койдуңуз. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 22-июлунда «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» атайын жарлыкка кол койгон. Бул жарлык — ички өндүрүштү өнүктүрүүгө болгон чоң үмүт. Мамлекет башчысы сунуштаган чаралар өтө өз учурунда жана абдан зарыл болду, анткени майда чарбалык, рентабелдиги төмөн айыл чарбасы менен алыска баруу мүмкүн эмес.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, өндүрүштүн ири формалары гана төмөн өздүк нарк жана жогорку көрсөткүчтөр менен натыйжа бере алат. Учурда республикада 500 миңден ашуун майда дыйкан жана фермер чарбалары бар, алардын ар биринде болгону 1,5–2 гектардан жер участогу бар. Мындай катастрофалык майдалоонун жыйынтыгы өтө оор.

Жалгыз жол — жана президенттин жарлыгы да дал ушуну көздөйт — майдалоону токтотуп, майда чарбаларды бириктирүү, кооперативдерди түзүү. Бул — агроөнөр жай комплексин толук кыйрашынан сактап калуучу механизм. Муну стимулдаштырган эң туура ыкма — кооперацияга даяр фермерлерди бардык түрдөгү салык төлөөдөн бошотуу.

Мындан тышкары, биригүүгө кызыккан тараптар мамлекет тарабынан пайызсыз насыялар менен камсыздалышы керек. Мындай чаралар, сөзсүз түрдө, айыл чарбасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулукту бир нече эсеге жогорулатат. Президенттин фермер чарбаларын өз ыктыяры менен кооперативдерге бириктирүүнү стимулдаштыруу боюнча жарлыгын так жана үзгүлтүксүз аткаруу — алдыдагы жылдардагы эң башкы милдет болууга тийиш.

Кайра иштетүү жаатына келсек, ал азыр биринчи орунга чыкты. Анткени кайра иштетүү инфраструктурасынын жоктугунан жыл сайын өндүрүлгөн продукциянын 30 пайызы жоготулат. Бул таптакыр жол берүүгө болбой турган көрүнүш. Ушуга байланыштуу президент 2040-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 50 пайызга чейин жеткирүүнү тапшырды. Бул максатты ишке ашыруу үчүн ири көлөмдөгү инвестицияларды тартуу каралган.

– Өлкөнүн агрардык секторунун кайсы тармактары олуттуу экспорттук потенциалга ээ? Фермерлер кайсы өсүмдүктөргө же долбоорлорго ишенимдүү түрдө инвестиция салып, кепилденген сатыкка ээ боло алышат?

– Чынын айтканда, биздин айыл чарбабыздын дээрлик бардык тармактары экспорттук потенциалга ээ, анткени өндүрүү экологиялык жактан таза шартта жүргүзүлөт. Айрыкча картошка, жашылчалар, мөмө-жемиш, буурчак өсүмдүктөрү, сүт, эт, балык жана бал эң чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Алардын жогорку сапаты жана тышкы рыноктогу күчтүү суроо-талап алардын экспортунун туруктуулугун камсыздайт, башкача айтканда, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт.

– Кыргызстанда өстүрүлгөн жашылча-жемиштер жогорку сапаты менен айырмаланып, экспортто суроо-талапка ээ. Валюталык түшүм да чарбалар үчүн маанилүү – ал техника жана жабдууларды сатып алууга жумшалат. Бирок күчөгөн сырткы суроо-талап ички базарда тең салмакты бузуп, баанын өсүшүн шарттайт. Бул жагдайда ички рынокту коргоо жана туруктуулукту сактоо үчүн кандай чаралар керек?

– Албетте, айыл чарба продукциясынын экспортуна байланыштуу маселелер «Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» мыйзамдын талаптарына так ылайык чечилиши керек. Анткени бул мыйзамга ылайык ар бир адам ар убак жетиштүү, коопсуз жана өзүнүн диеталык муктаждыктарына жооп берген азык-түлүккө физикалык жана экономикалык жактан жеткиликтүү болушу зарыл.

Ошол эле учурда негизсиз баа көтөрүүлөрдү болтурбоо үчүн туруктуу баа көзөмөлү жүргүзүлүшү шарт. Бул багытта чоң жоопкерчилик Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жүктөлөт. Анткени, бул органда социалдык маанилүү маселени өз учурунда чечүүгө мүмкүндүк берген бардык механизмдер бар. Тилекке каршы, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кээде өтө жай кыймылдап, «кой да аман, карышкыр да ток» деген принцип менен иштеп калган учурлар да жок эмес.

Мындайча, бааларга байланыштуу жаралган маселелерди ыкчам чечүүгө керектүү убакыт колдон чыгат. Натыйжада өлкөнүн жетекчилерине негизги азык-түлүктөрдүн баасын төмөндөтүү маселесине түздөн-түз аралашууга туура келип жатат. Жалпы өкмөт, Экономика жана коммерция министрлиги өзгөчө. Мындан сырткары өкмөт Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жоопкерчилигин олуттуу күчөтүүгө тийиш.

Жыйынтыгында азык-түлүк коопсуздугу улуттук коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилөө зарыл.