Акак Үсөн кызы самбо боюнча дүйнө кубогунда күмүш медаль утту

Спорт Загрузка... 08 Июнь 2025 14:41
504515764_18359792797196946_1908825643174045019_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек 08.06.25 /Кабар/. Кыргызстарндын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акак Үсөн кызы дүйнө кубогунда күмүш медаль утту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Армениянын Ераван шаарында өтүп жатат.

Спортчу 54 кг чейинки салмак категориясында күжүрмөн самбо боюнча катышкан. Биринчи айлампада украиналык спортчуну жана экинчи айламапада түркмөнстандык спортчуну жеңип, финалга чыккан.

Алтын медаль үчүн беттеште россиялык спортчуга жеңилип, дүйнө кубогунун күмүш медалына ээ болду.