Ак-Суу районунда 200 дөн ашык темир бетон мамылар орнотулат

Аймак Загрузка... 07 Март 2025 12:17
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 200 дөн ашык темир бетон мамылар орнотулат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын Ак-Суу РЭТи 2025-жылы 10,9 чакырым 0,4 кВ эскирген алюминий зымдарын жаңы заманбап СИП зымдарына алмаштырууну жана 16, 6 чакырым 10кВ аба чубалгысын курууну пландоодо. Бул иштердин алкагында райондо 200дөн ашык темир бетон мамылар орнотулуп, Кереге-Таш, Отрадное айылдарына 2 комплекттүү 10 кВ трансформатордук көмөкчордондор орнотулары күтүлүүдө.

Мындан сырткары, Ак-Суу РЭТи тарабынан оңдоо программасынын алкагында 36 чакырым электр зымдары жана 35 трансформатор капиталдык оңдоодон, 338 чакырым аба чубалгылары жана 97 трансформатор утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.

Ошондой эле Ак-Суу районунда керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү максатында 10600 кардарга акылдуу эсептегичтер орнотулат. Учурда 950даанасы орнотулуп бутту. Жалпы Ак-Суу РЭТ боюнча 11982 кардар бар. Анын ичинен 2299 кардар акылдуу эсептегич колдонулат.

"Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 238 чакырым аба чубалгыларынын боюндагы бутактарды кыюу пландаштырылууда",-деп айтылат маалыматта.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз.

Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 00 1209
MegaCom: +996 556 00 1209
O! : +996 702 00 1209