Ак-Ордодо эки адамды бычактоого шектүүгө байланышкан бардык жагдайлар – видео

Кырсык Загрузка... 14 Октябрь 2025 17:30

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Ички иштер министрлиги Ак-Ордодо эки адамды бычактоого шектелген жаранга байланышкан бардык жагдайлар тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2025-жылдын 3 - октябрь күнү саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, белгисиз эркек киши үйгө кирип, үй ээсине бычак менен жаракат келтирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам - тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у.Э. жана анын бир тууган эжеси 1987-жылы туулган Б.А.нын жансыз денелери табылган.

Ал эми, окуя болгон жерди кароо учурунда далил буюмдар, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен ири суммадагы акча каражаты табылып, алынган. Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси "адам өлтүрүү" менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Бул кылмыш иши ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, тиешелүү кызматтарга кылмыштын бетин ыкчам ачуу боюнча тапшырмалар берилген. Милиция кызматкерлери тарабынан аймактагы видеокамералар текшерилип, ар бири дыкат карала башталган.

Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар жана фактылар чогултулуп, ал 2006-жылы туулган И.С. экендиги аныкталган.

Тергөө иш-аракеттеринин алкагында, 2025-жылдын 8-октябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына каза болгон адамдын жубайы 1992-жылы туулган Ш.Н аттуу жаран кайрылган. Ал кылмыштын жагдайларын жана хронологиясын тактоого жардам берген кеңири көрсөтмөлөрдү берип, кармалган шектүү жаранды тааныган.

Мындан тышкары, маркумдун жубайы жарандарга кайрылып, анын кайгысын түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулук жана урмат-сый көрсөтүүгө чакырды. Ошондой эле, социалдык тармактарда терс пикирлерди жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууну суранган.

Бүгүн Чуй областынын Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүү учурунда, шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда, Кыргыз Республикасынын “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамынын 45, 46-беренелерине ылайык, кызматтык куралды колдонушкан. Натыйжада, И.С. алган жаракатынан каза болгон.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.