Ак-Босого конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

Коом
Ак-Босого конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. 3-ноябрда Ак-Босого конушунда суу убактылуу өчүрүлөт.

Мэриядан билдиришкендей, саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу “Ак-Босого-1” жана “Ак-Босого-2” суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу берилбейт.