Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында өлкөдө миграция чөйрөсүндө 19 миңден ашуун укук бузуулар катталып, чет өлкөлүк жарандар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги “Кабар” агенттигине билдирди.
Маалымдалгандай, бул сандагы чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагынан чыгарылды дегенди түшүндүрбөйт. Бул өлкө аймагындагы укук бузууларына жараша тиешелүү чаралар көрүлгөнүн туюндурат.
“Негизинен Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандар эмгек же сапар визасы, студенттик, үй-бүлөлүк, ишкердик дипломаттык, инвестициялык визалар же транзит визасы аркылуу келишет.
Чет өлкөлүк жумушчулар Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого милдеттүү жана мыйзам алдында баары бирдей. Укук бузуу жасаган жеке жактар мыйзам алдында бирдей жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш”,- деп айтылат маалыматта.
Министрликтен кабарлашкандай, чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында мыйзамдуу жашоо жана эмгектенүү тартибин текшерүү максатында “Нелегал” рейддери өткөрүлүп турат жана бул текшерүүлөрдө укук бузуулар аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөт.
“Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандар көбүнчө каттоого турбай же виза мөөнөтүнүн өтүп кеткен укук бузууларды жасашат. Бул учурда КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин негизинде 5 миң 500 сомдон 20 миң сомго чейин айып пул салынат же чет өлкөлүк жарандарды өлкө аймагынан чыгарып жиберүүгө алып келет.
Тактап айтсак, 2000-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргызстандын мыйзамын бузган чет өлкөлүк жарандар соттун токтому менен өлкө аймагынан чыгарылат”,- деп кабарланган.
Белгилей кетсек, жарандар чет элдиктер тарабынан мыйзам бузуу фактысын байкаса 102 номерине, жакынкы аймактык милиция бөлүмүнө, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуусу зарыл.
Эгерде жол кыймылынын эрежелерин бузууларды байкаса +996 777 102 102 номерине видео же сүрөт тартып жөнөтсө, тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.