Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Айымдар ипотекасы" программасы боюнча аймактарда кезекте турган аялдар турак жай ала алышат. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Программага 2022-2025-жылдары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кезегине турган аялдар катыша алат. Насыя жылдык 9,75% менен 25 жылга, 7 млн сомго чейин берилет. Баштапкы төлөм турак жайдын баасынын 10-30%ын түзөт.
Баштапкы төлөмсүз насыя алууга майыптыгы бар аялдар, майыптыгы бар адамды баккан аялдар, үч же андан көп баласы бар мыйзамдуу жалгыз бой энелер жана 25 жашка чейинки ата-энесинен ажыраган аялдар укуктуу.
Программанын алкагында 100 чарчы метрге чейинки батирди же 200 чарчы метрге чейинки жер үйдү алууга болот. Кезекке бир аймактан туруп, кийин башка аймакка көчүп кеткен аялдар жаңы жашаган жеринен да турак жай ала алышат.
Компаниянын өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, программа үч этап менен ишке ашырылат. Учурда аймактардагы аялдарга насыя берүү жүрүп жатат. 2027-жылы Бишкек жана Ош шаарларын камтуу, ал эми 2028-жылы жалпы кезекте турган жарандарга мүмкүнчүлүк берүү пландалууда.
Арыздарды кароо жана насыя берүү боюнча акыркы чечимди "Элдик Банк" жана "АБанк" кабыл алат.