"Айыл чарбасын каржылоо-13": Дыйкан-фермерлерге 2 млрд сомго жакын насыя берилди

Экономика Загрузка... 22 Апрель 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. 17-апрелге карата "Айыл чарбасын каржылоо - 13" долбоорунун алкагында республиканын 3 173 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун көлөмү 1 млн 926 млн сомду түзөт. Анын ичинен:

  • "мал чарбачылык" тармагы боюнча 1 553,86 млн сом суммасында 2 517 насыя;
  • "өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча 290,60 млн сом суммасында 609 насыя;
  • "сууну үнөмдөөчү технологиялар" тармагы боюнча 9,7 млн сом суммасында 12 субъектти түзөт;
  • "лизинг" тармагы боюнча 72,16 млн сом суммасында 35 субъектти түзөт.

WhatsApp Image 2025-04-22 at 15.34.05.jpeg