Айыл чарба министрлигине 44 кызматтык унаа тапшырылды

Министрлер кабинети Загрузка... 30 Декабрь 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 44 даана кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды. 

Белгилей кетсек, бул 44 даана кызматтык автоунаанын баасы 92,6 млн сом. Мамлекеттин өз каражатына сатып алынган бул кызматтык автоунаалар министрликтин Суу ресурстары кызматына жана Балык чарба департаментине берилет. 

Анда сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатта агрардык тармак – реалдуу сектордун башында турарын, анын башкы кыймылдаткыч күчү экенин билдирди. 

“Агрардык сектор өнөр жайды азыктандырып турган башат болуп эсептелет. Кыргызстанда мезгилдүү жана мезгилдүү эмес туруктуу – кайра иштетүүчү ишканалардын саны 425ке жетти. Президенттин тапшырмасы менен жылда 100дөгөн ишканалар ачылууда. Быйыл 119 ишкана ачылды. Анын ичинен  53%ы же жарымынан ашыгы айыл чарбасы жана кайра иштетүүгө байланышкан ишканалар болду”, - деди ал.

Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргызстандын суу чарбасында —ирригациялык тармактарды модернизациялоо жана техникалык жактан чыңдоого артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатканына токтолду. 

“2024-жылы ирригацияга 1 млрд сом бөлүнсө, 2025-жылдын 11 айында ал 1,7 млрд сомго жетти. Каналдарды тазалоо, куруу, цементтөө, бекемдөө, суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди салуу сыяктуу иштер активдүү жанданды. Айыл чарба министрлигиндеги суу менен байланышкан бардык кызматтар, сиздердин иштөө шартты оңдоо үчүн 2024–2025-жылдар аралыгында жалпысынан 286 атайын техника сатып алдык. Ал эми, бүгүнкү алган унааңыздар кут болсун”, — деп сөзүн жыйынтыктады Касымалиев. 

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарындагы Т.Усубалиев атындагы аянтта жана Асанбай кичи районунда базар баасынан арзан сатылган азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси өтүүдө. Мындай жарманкелер өлкөнүн бардык райондорунда ар бир дем алыш күндөрү уюштурулуп жатат, ал жай мезгилине чейин уланат.