Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Дыйкандар айыл чарба тармагындагы мамлекеттик кызматтарды жана колдоолорду iDyikan санариптик платформасы аркылуу онлайн ала алышат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, тиркеме айыл чарба тармагындагы кызматтарды, мамлекеттик колдоо чараларын, жеңилдетилген каржылоо программаларын жана башка сервистерди бир жерге топтойт.
Платформа аркылуу колдонуучулар керектүү кызматты онлайн тандап, электрондук арыз толтуруп жөнөтө алышат. Ошондой эле документтерди кагаз түрүндө кайра-кайра тапшыруу зарылдыгын азайтып, арыздын абалын жеке кабинеттен көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Тиркемени Google Play жана App Store платформаларынан жүктөп алууга болот. Катталуу “Түндүк” системасы же электрондук почта аркылуу жүргүзүлөт.