Айтматов тууралуу тасмабыз көрүүчүдө жооп эмес, суроолорду жаратса дейм - режиссер

Маек Загрузка... 09 Сентябрь 2025 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Кыргыз жаш режиссёрлорунун бири, оператор-коюучу Каныбек Калматов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгына байланышкан чоң масштабдагы көркөм тасма тартууну пландап жатканын билдирди. Ошондой эле ал фильмдин идеясына, тасмага жазуучунун өмүр таржымалынын кайсы этаптары кошуларына жана келечекте жарала турган фильмди кандай элестетип жаткандыгына токтолду.

— Чыңгыз Айтматов жөнүндө фильм тартуу идеясы сизге качан келген? Жана ошондой эле эмне себептен ушул теманы тандап алдыңыз?

— Мага бул идея 2024-жылдары келген. Эң биринчи себеби - залкар жазуучуну абдан жакшы көргөнүм, анын чыгармачылыгын терең урматтаганым үчүн болсо керек. Андан сырткары жазуунун камтыган масштабы өтө кенен болуп, көтөргөн темалары, ал сунуштаган руханий баалуулуктар бүгүн да таасирин жогото элек. Экинчиден, бизде мыкты, сапаттуу фильмдерге муктаждык бар. Биздин киноиндустрия жанры күчтүү чыгармаларды сейрек чыгарганы үчүн, мен чыныгы сапаттуу жана масштабдуу тасма жараткан алгачкы адамдардын бири болгум келет. Үчүнчү себеби - азыр жаштыгымдын эң жакшы жылдарын жашап жаткандыгым үчүн энергия да, амбиция да бар. Дал ушул жаштыкта күчтүү долбоорлор жаралат. Кыргыз киносунун жаркын келечегине ишенем жана бул арада мыкты тасмаларды тарткым келет.

— Тасмада жазуучунун жашоосунун кайсы негизги этаптары берилет?

— Тасманын негизги бөлүгүн албетте, жазуучунун балалыгы жана анын чыгармачылыгынын туу чокусу болгон 1980–1990-жылдар түзөт. Биз анын бүткүл өмүрүн камтыган, ошол эле маалда урунттуу учурларына басым жасалган көркөм-биографиялык тасманы жараталы деп жатабыз. Албетте, бул үч-төрт сааттык кино болбойт. Айтматовдун инсандык бейнеси менен чыгармачылыгы негизги эпизоддордо камтылат. Себеби, кээде бир эпизод менен бүтүндөй бир тарыхты берип койсо болот жана биздин тасмада да ушундай ыкмалар колдонулат. Мындан улам биз материалды шарттуу түрдө экиге бөлүп жатабыз. 50 пайызы - тагдырынын чечүүчү бөлүгүн түзгөн анын балалык жана өспүрүм курагы, ал эми 50 пайызы – эрезеге жеткен убагы, дүйнөгө таанылган чыгармачылык доору болот.

— Фильм бир гана жазуучунун өмүр таржымалына таянып тартылабы же көркөмдөлгөн жерлери да болобу?

— Албетте, биографиялык фактыларды сактайбыз, ошол эле маалда көркөм элементтерди да колдонобуз. Анткени биз үчүн тасманын документалдуу эмес, көркөм маанайда болгону маанилүү. Көрүүчү супсак, эки сааттык өмүр баяндын баяндалышын көрбөшү керек. Ал жеңил кабыл алынып, эмоция жаратышы, таасир калтырышы зарыл. Менин оюмча, кино - бул сөздөр гана эмес, эң негизгиси — окуялар жана аракеттер. Алар кээде сөздөн да көптү айтып бере алат.

— Сизге адам катары жана режиссёр катары Айтматовдун өмүрү менен чыгармаларынын эмнеси жакын?

— Мен үчүн эң жакыны — ата темасы жана өздүк иденттүүлүк темасы. Бул мотивдер анын бардык чыгармаларында кездешет. Бул анын тексттерине катылган жашыруун код сыяктуу. Бул мен үчүн чоң ойлорду жаратат жана фильм үчүн негиз боло турган материал. Ошондуктан, биздин тасма көп жагынан ушул аталык жана элдин, өлкөнүн иденттүүлүгү темаларын камтыйт.

— Сизге жазуучунун кайсы чыгармасы өзгөчө жагат жана кайсынысы күчтүү таасир бере алган?

— Кызыктай угулушу мүмкүн, бирок мага эң чоң таасир берген эки чыгарма – булар “Солдатёнок” аңгемеси менен “Кызыл жоолук жалжалым”чыгармасы. Мен бул чыгармаларды 12–13 жаштарымда окугам. Бул куракта окулган чыгармалар адамдын аң-сезимине терең орноп калат экен. Андыктан, жогоруда аталган чыгармалар мага өтө күчтүү таасир калтырган десем болот. Бирок бул анын башка чыгармалары мага анча жакын эмес дегенди билдирбейт. Жазуучунун ар бир чыгармасы окурманга кандайдыр бир деңгээлде таасир этип, жан дүйнөсүнөн орун таба алат.

— Тасманы жазуучунун жашоосуна байланышкан жерлерде тартасыздарбы? Съёмкалар кайда өтөт?

— Негизги тартуу иштери Кыргызстанда болот. Ошондой эле Россияда (Москва), Казакстанда, Өзбекстан менен Беларусия өлкөлөрүндө да тартылып калышы мүмкүн. Локацияларды тартуу иштерин баштоо алдында дагы тактайбыз. Биз үчүн эң маанилүүсү – жазуучу болгон чыныгы жерлерди колдонуу менен заманбап спецэффектилерди жана сапаттуу көркөм реквизиттерди пайдалануу болуп саналат.

— Бул фильмди көрүүчүлөр кандай кабыл алышын каалайсыз? Алардын эсинде эмнелер калышы керек?

— Бул мен үчүн кыйын суроо. Биз, кино жаратуучулар өзүбүзгө эмне үчүн тасма жаратабыз деген суроону күн сайын берип келебиз? Өзүңүздөр билгендей, тасмалар коммерциялык жана автордук деп бөлүнөт. Бирок менин жеке оюмда, кино сөзсүз эле окутушу же тарбия бериши керек эмес. Бул үй-бүлөнүн, ата-баланын иши. Тасманын эмоция жаратканы, ойго салганы жана Айтматовдун чыгармаларындай суроолорду жаратканы маанилүү. Анткени даяр жооп бар жерде адам ой жүгүртпөйт, андан ары ойлонбойт. Ошондуктан, менимче, фильм көрүүчүнү суроолор жана тандоо менен калтырышы керек. Эң башкысы — кино эмоция берип, ар бир адамга өз жообун табууга мүмкүнчүлүк бергени туура.