Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттарын аныктоого байланыштуу маселелер, ошондой эле конкурска сунушталган эмгектер жана Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын ар кандай чөйрөлөрдөгү жетишкендиктери каралды.
Улан Маматканов таланттуу жана демилгелүү жаштарды мамлекеттик колдоонун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, жаш муундун интеллектуалдык, чыгармачылык жана кесиптик потенциалын ачуу үчүн шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Жыйындын алкагында Комиссия мүчөлөрү сунушталган талапкерлерди, алардын кесиптик жетишкендиктерин, чыгармачыл эмгектерин жана тиешелүү тармактарды өнүктүрүүгө кошкон салымын талкуулашты.
Маалымат үчүн: Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы уюштурулган жана өлкөнүн таланттуу жаштарынын жетишкендиктерин мамлекеттик таануунун маанилүү формаларынын бири болуп саналат.
Колдонуудагы Жобого ылайык, сыйлык үч жылда бир жолу 11 номинация боюнча ыйгарылат:
- Адабият жаатындагы эң мыкты чыгарма;
- Журналистика жана телевидение жаатындагы эң мыкты чыгарма;
- Музыкалык искусстводогу эң мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик;
- Сүрөт искусствосундагы эң мыкты чыгарма;
- Шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатындагы эң мыкты ишке ашырылган долбоорлор;
- Театр жана цирк искусствосундагы эң мыкты чыгармалар;
- Кино жаатындагы эң мыкты жетишкендиктер;
- Илим, билим берүү жана жаңы технологиялар жаатындагы эң мыкты эмгектер;
- Экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы эң мыкты жетишкендиктер;
- Спорт жаатындагы эң мыкты жетишкендиктер;
- Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салым.