Айсулуу Тыныбекова уулду болгонун сүйүнчүлөдү

Коом 2 март 2026 10:00
Айсулуу Тыныбекова уулду болгонун сүйүнчүлөдү

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова көз жарды. Ал уулду болгонун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

“Биз эми үчөөбүз”, - деп жазды спортчу.

Белгилей кетсек, балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси, 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, 2024-жылдагы Париждеги Олимпиаданын коло байгесинин ээси, эмгек сиңирген спорт чебери.