Айнура Чокморова "Окуу китеби" басма үйүнүн директору болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 07 Апрель 2025 13:45
489424617_1095923835914693_5245047437616665504_n.jpg
copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Айнура Чокморова Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ал Билим берүү министрлигинин конкурстук комиссиясынын протоколунун негизинде 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

Буга чейин доцент Айнура Чокморова И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Чет тилдер" кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.