"Аймактар" командасы "Мурас" футболдук мелдешинин жеңүүчүсү болду — сүрөт

Спорт 2115 14 Декабрь 2025 18:16
597283585_1319459030224484_8704428804526594648_n.jpg
600320439_1319459053557815_7538770120757689715_n - копия.jpg
597959685_1319459046891149_9120971825500409963_n - копия (2) - копия.jpg
600517454_1319459056891148_6096253000601100088_n.jpg
599464487_1319459050224482_885501723971167804_n - копия (2).jpg
599657759_1319459040224483_2950167006204427102_n - копия (2).jpg
597553397_1319459060224481_3383243618971124961_n - копия (2).jpg
577039260_1319459023557818_1992947891812501527_n.jpg
600320445_1319459043557816_8499923024958476187_n.jpg
599273306_1421512133316750_1059599551857869263_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда борбор калаада "Мурас" достук мелдешинин чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндары өттү. Бул салттуу мелдеш 9-жолу өткөрүлдү.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, бүгүн турнирдин көңүл жубатуучу беттештеринде "Ден соолук" командасы "Ыйманды" 4:1 эсеби менен жеңип чыкты. Ал эми финалдык беттеште "Президенттин командасы" "Аймактар" менен кез келип, беттеште 1:1 эсебинен кийин пенальтилер сериясында оюн 3:4 менен жыйынтыкталды.

Финалдык беттештен кийин командаларды сыйлоо аземи орун алып, сыйлыктарды президент Садыр Жапаров өз ээлерине тапшырды. Турнирдин байге фонду 1 млн сомду түзүп, ал алдыңкы төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү.

"Мурас" мелдешинин жыйынтыгы:

  • I орун - "Аймактар" (400 миң сом);
  • II орун - "Президенттин командасы" (300 миң сом);
  • III орун - "Ден соолук" (200 миң сом);
  • IV орун - "Ыйман" (100 миң сом).

Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:

- мыкты оюнчу - Молдокулов Эрик ("Ыйман"),

- мыкты чабуулчу - Турусбеков Нурлан ("Ден соолук", 7 гол),

- мыкты дарбазачы - Алимов Нурбек ("Аймактар").

Жеке номинациялардын ар бир ээси 50 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Мурас” футзал турнири Кыргызстандын коомдук турмушунда жакшы салтка айланганын айтты.

Ал 2021-жылы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында биринчи турнир өткөнүн эске салды. Анда болгону 6 команда катышкан. 2022-жылы турнир расмий түрдө "Мурас" деген аталышка ээ болуп, ага 8 команда катышкан.
Кийинки жылдары командалардын саны 16га жетти. Бул жылы да турнирге ар кайсы мамлекеттик мекемелерден келген 16 команда катышты.

Президент бул турнир да калк арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга, спортко болгон кызыгууну арттырууга, ошондой эле мамлекеттик мекемелер арасында өз ара түшүнүшүүнү жана биримдикти бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.