Кочкордогу каралбай калган кайрак жерлер эми түшүм берет

Аймак Загрузка... 18 Февраль 2026 18:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Күн-түнгө карабай мотору өчүрүлбөгөн техника, тыным албай эмгектенген курулушчулар, коңшу өлкөдөн атайын чакырылган адистер. Кочкор районунун Шамшы айылында дал ушундай күжүрмөн эмгек менен "Шамшы” суу сактагычынын курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоор үч жыл мурда башталган. Бүгүнкү күндө иштердин 80 пайызы бүткөрүлдү. Декадалык тескөөчү бассейн пайдаланууга берилсе, Шамшы, Кум-Дөбө жана Ак-Жар айылдары сугат суу менен камсыз болот. “Кабар” агенттигинин кабарчысы жеринен маек куруп келди.

WhatsApp Image 2026-02-18 at 13.20.22 (8)

Нурмухаммед Илязов, мастер:

“Бул жерге келгенде ээн талаа, саз болчу. Тазалоо иштери бир топ убакытты алды жана оор болду. Кышында бул жакка 1,5 метрге чейин тоң түшөт экен. Музду тазалоо, биз үчүн чоң түйшүк жаратты. Андан соң тоонун боорунан топурак ташып түшүп, пландаштыруу иштери башталды. Алгач жерге геотекстиль салдык. Ал чөп өстүрбөйт, геомембрананы таш, кум тешип салуусунан сактайт. Ал эми геомембрана - жердин үстүнө төшөлчү кара түстөгү желим материал. Ал сууну жерге сиңирбейт. Эң орчундуу иштен дамбаны бийиктетүү калды. Буюрса күн жылыса баштайбыз. Азыр 30га жакын адам иштеп жатат. Жаздын алды менен иштин көлөмү көбөйөт. Ошондо кызматкерлердин саны 200гө чукулдайт”, - деди ал.

Курулуш башталгандан бери иш токтогон жок. Бассейнди ушул жылдын күз айларында пайдаланууга берүү мерчемделген.

WhatsApp Image 2026-02-18 at 13.20.22 (2)

Буга чейин аталган айылдарда 1068 гектар жер гана сугарылчу. Жаңы долбоор ишке ашкандан кийин кошумча 1704 гектар кайрак жер өздөштүрүлөт. Натыйжада дыйкандардын тоют маселеси жеңилдейт.

Марип Атабаев, прораб:

“Бул объектке 3,8 млн куб метр көлөмүндөгү суу батат. Азыр геомембрана салынып жатат. Анын жалпы аянты 520 миң чарчы метр. Азыр 60 пайызы бүтүп калды. Геомембрана жана геотекстиль Казакстандан алынып келген. Бизде мындай материал чыкпайт. Адистер дагы коңшу өлкөдөн келип иштеп жатышат. Аларды бизге материал алган фирма жөнөтөт. Иштин соңуна чыкканда, биз текшерип анан кабыл алабыз”, -деп айтты ал.

Аймактагы башкы суу алуучу курулма жана магистралдык канал 1970-жылы салынган. Учурда алардын эскилиги жетип, кооптуу абалга келген. Жаңы салынып жаткан декадалык тескөөчү бассейндин тосмосу деңиз деңгээлинен 2416 метр бийиктикте жайгашкан. Долбоордун жалпы наркы 16 млн доллар.

Элдияр Туйгунбек уулу, Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын 3-участогунун бөлүм башчысы

“БДР жокто суу кирген учурда эски каналдарга батпай, ташып талаага агып кетчү. Мындан улам жоготуулар абдан көп болчу. Эми БДР ишке берилсе, сууну ырааттуу колдонобуз. Мындан тышкары, 10,5 чакырым магистралдык канал жана 35 чакырым ички чарбалык каналдар курулуп жатат. Алар колдонууга берилсе, дыйкандар жалпы 3 миң гектар жерди иштетишет", - деп белгиледи адис.

2030-жылга чейин өлкө боюнча 106 БСР жана БДР куруу пландалган. Долбоорлордун жалпы наркы 140 млрд сомго жакын. Алар толук ишке ашса, 344 миң гектар айдоо жери сугат суу менен камсыздалып, 70 миң гектарга жакын кайрак жер өздөштүрүлөт.

WhatsApp Image 2026-02-18 at 13.20.22 (6)

Учурда өлкө боюнча 9 БСР жана БДРдин курулушу жүрүүдө. Мындан тышкары, суткалык жана декадалык тескөөчү 12 бассейн реконструкцияланып, 3279 гектар жер өздөштүрүлүп, 25 миң гектар аянтка суу жеткирилди.