Айдана Жупуева БШК төрагасынын орун басары болуп шайланды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 11 Февраль 2025 22:40
photo_2025-02-11_16-43-26-1200x630.jpg
copyright icon Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Айдана Жупуева Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары болду.

БШКдан билдиришкендей, бүгүн комиссиянын жыйыны өтүп, анда Жупуева төрага орун басарлыгына шайланды.

Жыйында ал ишеним көрсөткөн кесиптештерине ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү шайлоо процессин жакшыртуу боюнча дагы да натыйжалуу иштөө маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Айдана Жупуева 2021-жылдан бери БШК мүчөсү болгон.