Айдай Карагулова ЕЭКтин Финансы саясаты департаментинин директорунун орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 04 Сентябрь 2025 14:36
20250902ZHN_D00039A.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ЕЭК

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Айдай Карагулова ЕЭКтин Финансы саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Карагулова Айдай Нурдиновна 1979-жылы Бишкек шаарында туулган. 2000-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «Экономика» адистиги боюнча, ал эми 2017-жылы КР президентине караштуу Башкаруу академиясынын «Мамлекеттик саясат жана башкаруу» багыты боюнча магистратурасын аяктаган.

Эмгек жолун 2000-жылы Кыргызстандын Салык кызматында баштап, 2013-жылга чейин ар кандай кызматтарда иштеген. 2013-жылдан 2018-жылга чейин КР өкмөтүнүн аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген.

2018-жылы КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2021-жылга чейин иштеген.

2022-жылдан 2025-жылга чейин КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразиялык экономикалык биримдиги иштери боюнча эксперти, андан кийин сектор башчысы болуп иштеген.

Бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ.

2025-жылдын 14-августунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы саясаты департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.