Айбек Молдогазиев АКШнын Caspian Policy Center аналитикалык борборунун жетекчилиги менен жолукту

Саясат Загрузка... 27 Февраль 2025 09:41
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев Америкадагы Caspian Policy Center аналитикалык борборунун жетекчилиги менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө АКШнын жаңы администрациясынын саясаты жана АКШнын регион менен, өзгөчө Кыргызстан менен кызматташуусунун келечеги талкууланып, пикир алмашуу болду.

Элчи Молдогазиев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясат жана экономиканы жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн соңунда маектешүүлөр өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча конструктивдүү диалогду улантууга эки тараптын умтулуштарын ырасташты.

Маалымат үчүн: Caspian Policy Center 2016-жылы түзүлгөн көз карандысыз коммерциялык эмес изилдөө жана аналитикалык борбор. Белгилүү болгондой, Кошмо Штаттардагы аналитикалык борборлор тышкы саясий маселелерде, анын ичинде демилгелерди илгерилетүү, отчетторду түзүү жана болжолдоо боюнча негизги органдар болуп саналат.