Африкадагы биринчи элчилик жана 185 өлкө менен байланыш: ТИМдин жыйыны өттү

Министрлер кабинети 28 Январь 2026 15:00
6979ba0ded4b5-thumb.jpg
6979ba0de4a3d-thumb.jpg
6979ba0e6a99a-thumb.jpg
6979ba0e6a413-thumb.jpg
6979ba0e9c074-thumb.jpg
6979ba0e9e265-thumb.jpg
6979ba0ed5318-thumb.jpg
6979ba0ee52ce-thumb.jpg
6979ba0f1dbf7-thumb.jpg
6979ba03b83a2-thumb.jpg
6979ba03b83d0-thumb.jpg
6979ba0007b0d-thumb.jpg
6979ba041eb58-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6979ba0ded4b5-thumb.jpg
6979ba0de4a3d-thumb.jpg
6979ba0e6a99a-thumb.jpg
6979ba0e6a413-thumb.jpg
6979ba0e9c074-thumb.jpg
6979ba0e9e265-thumb.jpg
6979ba0ed5318-thumb.jpg
6979ba0ee52ce-thumb.jpg
6979ba0f1dbf7-thumb.jpg
6979ba03b83a2-thumb.jpg
6979ba03b83d0-thumb.jpg
6979ba0007b0d-thumb.jpg
6979ba041eb58-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Анын жүрүшүндө 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары чыгарылып, үстүбүздөгү жылга артыкчылыктуу милдеттер аныкталды.

Минкаб башчысы өткөн жылдын негизги жетишкендиктерин белгилеп, 2025-жылдын башкы саясий жетишкендиги кыргыз-тажик чек ара маселелерин жөнгө салуу болгонун баса белгиледи.

"Кыргыз Республикасы дипломатиялык мамилелерди түзгөн өлкөлөрдүн саны 185ке жетти, Африкада биринчи элчилигибиз ачылды. Жыл ичинде 190 иш-чара өткөрүлүп, 633 эл аралык келишимге жана документке кол коюлду», - деди ал.

Адылбек Касымалиев бүгүн мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкен күнүнө беш жыл толгонун кошумчалады.

"2020-жылдагы өлкөдөгү абал менен азыркы өнүгүү этабынын айырмасы асман менен жердей эле. Көптөгөн маанилүү долбоорлор ишке ашырылды. 2025-жылы консолидацияланган бюджет тарыхый чекке жетип, 1 триллион сомдон ашты", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы бюджеттин өсүшүнө таасир эткен бир катар факторлорду белгиледи, алардын ичинде: экономиканын өсүшү, өлкөнүн ИДПсы 2020-жылы 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылы – 22,6 млрд доллардан ашты; салыктык башкаруунун жакшырышы, салыктык түшүүлөр болжол менен 4 эсеге көбөйдү; бажылык түшүүлөр 6 эсеге көбөйдү; салыктык эмес түшүүлөр 8-9 эсеге көбөйдү; экономикалык активдүүлүктүн өсүшү, курулуш, соода, тейлөө чөйрөсүндө, айыл чарбасында өсүш байкалууда; алтындын дүйнөлүк баасынын жогорулашынан улам, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше 5 млрд доллардан ашты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мультимодалдык ташуулар, санариптик логистика жана транспорттук байланыш жаатында практикалык чечимдерди илгерилетүү, шамал, күн энергетикасы жана кичи ГЭСтер тармагындагы долбоорлорду алдыга жылдыруу, ошондой эле масштабдуу туристтик долбоорлорго инвестиция тартууга көмөктөшүү зарылдыгын белгиледи.

"Жогоруда айтылгандардан тышкары, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгы жана 2026-жылы Бишкекте өтө турган саммитке даярдык өзгөчө мааниге ээ. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча ишти улантуусу зарыл», - деди Адылбек Касымалиев жана Тышкы иштер министрлигине бир катар тапшырмаларды берди.