Аэропорттон 28 миң долларды мыйзамсыз алып чыгуу аракети токтотулду

Укук тартиби Загрузка... 10 Июль 2026 15:42
742977226_1698947174656201_1948279377847673137_n.jpg
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. "Манас"эл аралык аэропортунда ири суммадагы чет өлкөлүк валютаны мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда Өзбекстандын А.А.У. аттуу жараны декларация толтурбастан, ЕАЭБдин эрежелерин бузуу менен 28 миң 160 долларды Кыргызстандан тышкары алып кетүүгө аракет кылган.

Бул факт боюнча Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан "Экономикалык контрабанда" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.