Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин кызматка киришкенине бүгүн туура 1 жыл болду.
Адылбек Касымалиев бир жылда жасаган ишинин жана 2025-жылда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу мамлекеттик телеканалдарга маек берди.
Ал арада министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Адылбек Касымалиев бир жылда расмий иш-чараларда алтымыштан ашык кол алышып учурашып, маанилүү жолугушууларды өткөргөнүн билдирди. Бир жыл ичиндеги сүрөттөрдүн топтому назарыңыздарда.
65 жаштагы Адылбек Касымалиев 2024-жылдын 18-декабрында министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалган. Бул кызматка чейин ал министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.
Өмүр баянына көз чаптырсак, Адылбек Касымалиев 1960-жылы 1-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган. 1984-жылы Ленинград финансы-экономика институтун "Экономист" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу болсо, 1984-1988-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык методдору илим-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери болуп иштөөдөн башталган.
1990-1996-жылдары Мамлекеттик салык инспекциясында эмгектенген.
1996-2002-жылдары - Финансы министрлигинин Фискалдык саясат башкармалыгында иштеген.
2002-2002-жылдары - Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
2009-2010-жылдары - Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
2010-2011-жылдары - Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
2012-2015-жылдары - Экономика министринин орун басары;
2015-2018-жылдары - Финансы министри;
2021-2021-жылдары – Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары;
2021-2022-жылдары - Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү;
2022-жылдын 20-июнунан тартып - министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
2024-жылдын 18-декабрынан бери министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалап келет.