Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Россиянин Алтай Республикасынын Тоолу-Алтай шаарына болгон жумуш сапары аяктады.
Анда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында “Манжерок” (Миң жүрөк) эс алуу курортунда уюштурулган Эл аралык экологиялык конференцияга Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстандын өкмөт башчылары менен биргеликте катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.
Экологиялык чакырыктар жана дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулаган Эл аралык экологиялык конференциянын алкагында эксперттик жана тематикалык сессиялар да уюштурулду. Анда бир катар мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери катышып, өз тармактарында баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралды.