Бишкек, 16.11.25. /Кабар/. 17-18-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россиянын Москва шаарына барат.
Анда министрлер кабинетинин төрагасы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат.
Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.