Адылбек Касымалиев Жерүй алтын кениндеги кырсыкты өз көзөмөлүнө алды

Министрлер кабинети Загрузка... 02 Февраль 2026 18:20
2.jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.02.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы Жерүй алтын кенинде катталган окуяны жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы эки кызматкер ар кандай деңгээлдеги жаракат алышкан. Жабыркагандарга бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

"Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин тактоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Министрлер кабинети кырсыктын бардык жагдайларын дыкат көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүшүн камсыздайт. Маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп жазган ал.

Талас райондук милициясынан билдиришкендей, 27-январда Жерүй алтын кенинде таш кулап, бир адам каза болуп, дагы экөө жаракат алып, ооруканага түшкөн.