Касымалиев Жалал-Абадда гипсокартон чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышты

Министрлер кабинети 05 Декабрь 2025 13:40
6932896ad7e5a-thumb.jpeg
693288f65a499-thumb.jpeg
693288e2e2b9a-thumb.jpeg
693288e6f0916-thumb.jpeg
693288f6309c0-thumb.jpeg
6932891e2c387-thumb.jpeg
6932892b4d876-thumb.jpeg
6932892c9f2ee-thumb.jpeg
6932894b56bc7-thumb.jpeg
6932894bc067c-thumb.jpeg
6932894d4b290-thumb.jpeg
6932894f067d5-thumb.jpeg
69328915e4729-thumb.jpeg
69328969d83a8-thumb.jpeg
693289256bd4e-thumb.jpeg
693289552a952-thumb.jpeg
693289562cb05-thumb.jpeg
693289566c069-thumb.jpeg
6932894863d96-thumb.jpeg
6932895149c6a-thumb.jpeg
6932896856fd8-thumb.jpeg
69328951658db-thumb.jpeg
6932889225730-thumb.jpeg
6932891096416-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6932896ad7e5a-thumb.jpeg
693288f65a499-thumb.jpeg
693288e2e2b9a-thumb.jpeg
693288e6f0916-thumb.jpeg
693288f6309c0-thumb.jpeg
6932891e2c387-thumb.jpeg
6932892b4d876-thumb.jpeg
6932892c9f2ee-thumb.jpeg
6932894b56bc7-thumb.jpeg
6932894bc067c-thumb.jpeg
6932894d4b290-thumb.jpeg
6932894f067d5-thumb.jpeg
69328915e4729-thumb.jpeg
69328969d83a8-thumb.jpeg
693289256bd4e-thumb.jpeg
693289552a952-thumb.jpeg
693289562cb05-thumb.jpeg
693289566c069-thumb.jpeg
6932894863d96-thumb.jpeg
6932895149c6a-thumb.jpeg
6932896856fd8-thumb.jpeg
69328951658db-thumb.jpeg
6932889225730-thumb.jpeg
6932891096416-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак районунун Достук айылында гипсокартон чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышты.

Минкаб төрагасы индустриялаштыруу өлкөнүн стратегиялык артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, республика боюнча жылына 100дөн ашуун ишкана ишке киргизилип жатканын белгиледи.

“Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 595 млрд сомдон ашып, өсүү 9,8%ды көрсөтүп, курулуш материалдарынын үлүшү 8,4% түздү. Өнөр жай сектору туруктуу оң динамиканы көрсөтүүдө, бул жалпы макроэкономикалык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизүүдө. Алдын ала баалоо боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 1,4 триллион сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,0 %га көбөйдү. Республикада курулуш секторунун динамикалуу өнүгүшү курулуш материалдарына болгон суроо-талаптын жогорулашын шарттайт жана бул тармактын андан ары туруктуу өсүшү үчүн өндүрүштү көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгууда. Мындай шартта жаңы ишкананын ачылышы стратегиялык мааниге ээ болууда”, - деген минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, бүгүнкү күндө гипс продукциясын импорттоодон көз карандылык жогору бойдон калып жатканын, анын импортунун көлөмү 2025-жылдын 9 айында 8,5 млн чарчы метрди түзгөнүн кошумчалады. 

Адылбек Касымалиевдин айтымында, ишкананын ишке кириши импорттук көз карандылыкты кыйла азайтууга, курулуш тармагын сапаттуу ата мекендик материалдар менен камсыз кылууга жана аймакта кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миллион чарчы метрге чейин гипсокартон барактарын жана 60 миң тоннага чейин гипс порошогун чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишканада 80 жумушчу оруну түзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга 11,7 млн доллар инвестицияланган.