Адылбек Касымалиев Япониянын юстиция министрин кабыл алды

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 30 Апрель 2025 16:43
6811e8ab8bcf2.jpeg
6811e8b0e4211.jpeg
6811e8b0b0f05.jpeg
6811e8ac6ed4d.jpeg
Алдыга
Артка
6811e8ab8bcf2.jpeg
6811e8b0e4211.jpeg
6811e8b0b0f05.jpeg
6811e8ac6ed4d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Кыргызстанга келген Япониянын юстиция министри Кэйсуке Сузукини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев "Кыргызстан Япониядан келген досторду көргөнгө ар дайым кубанычта" деп белгилеп, ал өзгөчө президент Садыр Жапаровдун Японияга 2023-жылдагы ийгиликтүү расмий сапарына токтолуп, анын жүрүшүндө Япониянын премьер-министри менен эки тараптуу күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр болгонун айтты. 

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Кыргызстандын президентинин 2023-жылы Японияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кыргыз-япон мамилелери достук жана ар тараптуу өнөктөштүк маанайында өнүгүп жатканын белгиледи.

Аймактык күн тартибиндеги маселелерге токтолгон Адылбек Касымалиев пландаштырылып жаткан “Борбор Азия – Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын Биринчи саммити тууралуу айтып, Кыргызстан бул демилгени толук колдой тургандыгын жана кызматташуунун жаңы форматына чоң маани берерин ишендирди.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев Японияны 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммитине жогорку деңгээлде активдүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде Япониянын юстиция министри Кэйсуке Сузуки жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, япон тарап кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин ырастап, Япония үчүн Кыргызстан менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгиледи.