Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр менен жолукту

Министрлер кабинети 25 Июнь 2025 09:40
685b5d1219d56 (1).jpeg
685b5d20c3d99.jpeg
685b5d1d989ca.jpeg
685b5d2028ce7.jpeg
Алдыга
Артка
685b5d1219d56 (1).jpeg
685b5d20c3d99.jpeg
685b5d1d989ca.jpeg
685b5d2028ce7.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуусунун алкагында Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик башкаруудагы заманбап тенденциялар, туруктуу өнүгүү жана санариптик трансформация талкууланды. Тараптар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик сектордун системасына инновациялык чечимдерди жана санариптик технологияларды киргизүү, жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Министрлер кабинетинин төрагасы эл аралык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын ачык-айкындуулукка, санариптештирүүгө жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга умтулуусун белгиледи.

Өз кезегинде Тони Блэр кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин, өзгөчө ар кандай чөйрөлөр боюнча тажрыйба алмашуу маселелеринде Кыргыз Республикасынын натыйжалуу мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча потенциалын белгиледи. Ал ошондой эле акыркы жылдары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жана башка негизги багыттар боюнча жетишилген натыйжаларына оң баа берди.

Белгиленгендей, акыркы жылдары кыргыз-британ мамилелери олуттуу жандануу жана өнүгүү менен мүнөздөлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамлекеттик башкаруу, туруктуу өнүктүрүү жана социалдык чөйрөдө реформаларды ишке ашыруу маселелери боюнча тажрыйба алмашуунун келечегин белгилешти.