Адылбек Касымалиев Улуттук инвестициялык фонддун иши менен таанышты

Министрлер кабинети 28 Январь 2026 17:45
6979eaa1584ef (1).jpg
6979eaa965b2f.jpg
6979eaa562298.jpg
Алдыга
Артка
6979eaa1584ef (1).jpg
6979eaa965b2f.jpg
6979eaa562298.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук инвестициялык фонддун иши менен таанышты.

Иш сапарынын алкагында минкаб башчысы Улуттук инвестициялык фондунун жамааты менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө уюмдун натыйжалуу жана ырааттуу ишинин маанилүүлүгү баса белгиленди.

Фонд инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык маанилүү экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында мындан ары да жогорку натыйжаларды көрсөтүшү керектиги белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасына гидроэнергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарындагы ири инвестициялык долбоорлор тааныштырылды. Жумуш орундарын түзүүдө, региондорду өнүктүрүүдө жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы калыптандырууда негизги ролду ойногон чакан жана орто бизнестин долбоорлорун ишке ашырууга жана колдоого багытталган демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.