Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапарынын жүрүшүндө Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун конференциясынын алкагында өттү.
Жолугушууда минкаб башчысы Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун конференциясын жогорку уюштуруу деңгээлинде өткөрүү Түркмөнстандын эл аралык кадыр-баркынын өсүп жаткандыгын айкын далили экенин өзгөчө белгиледи.
Өз кезегинде Сердар Бердымухамедов конференцияга катышканы үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге ыраазычылык билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү ишенимдүү өсүштү көрсөтүп турганын кошумчалап, кыргыз тарап эл аралык жүк ташуулар жаатында, логистика жана транзиттик мүмкүнчүлүктөр бөлүгүндө кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.