Адылбек Касымалиев Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолукту

Министрлер кабинети 18 Сентябрь 2025 09:50
68cb7d88e009e-thumb.jpeg
68cb7d8b8a561-thumb.jpeg
68cb7d89a2b04-thumb.jpeg
68cb7d8a802c0-thumb.jpeg
68cb7d8b0232d-thumb.jpeg
68cb7d8873909-thumb.jpeg
68cb7d8991bb6-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68cb7d88e009e-thumb.jpeg
68cb7d8b8a561-thumb.jpeg
68cb7d89a2b04-thumb.jpeg
68cb7d8a802c0-thumb.jpeg
68cb7d8b0232d-thumb.jpeg
68cb7d8873909-thumb.jpeg
68cb7d8991bb6-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.09.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий жумуш сапары менен келген Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолукту.

Минкаб төрагасы ардактуу мейманды жылуу тосуп алып, анын Кыргызстанга болгон расмий сапары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык жана стратегиялык мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө түрткү берерине ишенимин билдирди.

“Биздин салттуу достук жана стратегиялык өнөктөштүгүбүз жигердүү өнүгүп жатканын кубануу менен белгилеймин.Өткөн жылдын 5-ноябрында эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн. Сиздин расмий сапарыңыздын алкагында Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү эки тараптуу кызматташуу үчүн чоң мааниге ээ. Бүгүн бизде кыргыз-түрк күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга эң сонун мүмкүнчүлүк бар", - деди Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз кыргыз тараптын меймандостук жана жылуу кабыл алгандыгыүчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки тарапты кызыктырган көптөгөн тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө умтула тургандыгын белгилешти.