Бишкек, 09.11.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул жылдын 10-12-ноябрь күндөрү Түркияга иш сапары менен барат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Анталья шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу тараптардын 31-конференциясына (COP31) катышат.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев иш-чаранын ачылыш аземине, ошондой эле “Тоо күн тартибин алдыга жылдыруу: мөңгүлөр жана криосфера, температуранын чектүү көрсөткүчтөрү ашып кеткен шартта туруктуулукту бекемдөө, биргелешкен жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо” деп аталган жогорку деңгээлдеги сессияга катышат.