Адылбек Касымалиев Түптөгү бир катар объекттердин абалы менен таанышты

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 17 Апрель 2025 12:52
680098411c374-thumb.jpeg
68009857e6c4b-thumb.jpeg
680098597a876-thumb.jpeg
680098597df4d-thumb.jpeg
6800985606b34-thumb.jpeg
68009857754ca-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
680098411c374-thumb.jpeg
68009857e6c4b-thumb.jpeg
680098597a876-thumb.jpeg
680098597df4d-thumb.jpeg
6800985606b34-thumb.jpeg
68009857754ca-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Түп районундагы бир катар объекттердин абалы менен таанышты. 

Алгач минкаб төрагасы Түп дарыясынын боюндагы жерлердин жараксыз абалга келип жатышынын себебин билүү үчүн жеринен кабар алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өзгөчө жаз, жай мезгилдеринде абанын температурасы жогорулагандыгына байланыштуу тоодогу кар,  мөңгүлөрдүн эришине жана нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Түп дарясынын көлөмү жогорулап, айдоо аяттарын жараксыз абалга (эрозияга) учуратуу менен жыл сайын айдоо аянттар кыскарып келүүдө.

Маселени жеринен көргөн минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, Түп дарыясынын айрым кооптуу жерлериндеги сууну эски нугуна буруу, эрозияга учураган жерлердин жээгин бекемдөө сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди. 

Андан соң, Адылбек Касымалиев Түп районунун Долон айылындагы авариялык абалдагы көпүрөнүн ордуна жаңы көпүрө куруу долбоорунун иштеринин жүрүшүнөн кабар алып, көпүрөнү куруу иштерин жүргүзгөн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине сапаттуу жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Түп районундагы объекттердин абалы менен таанышкандан кийин жергиликтүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана тургундары менен биргеликте көчөт отургузуу иш-чарасына катышты.