Адылбек Касымалиев “Торугарт” бекетинин иши менен таанышты

Министрлер кабинети 24 Ноябрь 2025 18:15
692448505a77e-thumb.jpeg
6924485a28e1f-thumb.jpeg
6924485a363f4-thumb.jpeg
6924485d1e04f-thumb.jpeg
6924485f9ef17-thumb.jpeg
69244853b7db7-thumb.jpeg
69244858ca091-thumb.jpeg
692448534898f-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
692448505a77e-thumb.jpeg
6924485a28e1f-thumb.jpeg
6924485a363f4-thumb.jpeg
6924485d1e04f-thumb.jpeg
6924485f9ef17-thumb.jpeg
69244853b7db7-thumb.jpeg
69244858ca091-thumb.jpeg
692448534898f-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жана “Торугарт-1” көмүр тилкесинин иши менен таанышты. 

Алгач министрлер кабинетинин төрагасы “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жаңы оңдоодон өтүп, ишке берилген жөө жүргүнчүлөрдү тейлөө пунктунун абалы менен таанышты. Андан соң, “Чатыр-Көл” чек ара кызматынын бөлүмчөсүнө кирип, аскерлердин жашоо шартынан кабар алды. 

Ошондой эле Адылбек Касымалиев ушул жылдын 12-ноябрында ачылып иштеп жаткан “Торугарт-1” көмүр тилкесине барды. 

Белгилей кетсек, “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коому Ат-Башы районунда жайгашкан “Торугарт-1” көмүр кесиминен  557,6 га жер аянтын чалгындоого  лицензия алган. Бүгүнкү күндө 25 га жер аянтында көмүр бар экендиги аныкталып, жалпы запасы 423,4 миң тонна катары бааланууда.

Аталган жерден бүгүнкү күндө 10,0 миң тоннага жакын көмүр отуну өндүрүлгөн.

Минкаб башчысы “Торугарт-1” көмүр тилкесинин ишин жигердүү алып барып, тез аранын ичинен экспортко чыгуу тапшырмасын берди.