Адылбек Касымалиев Тажикстанга иш сапары менен барат

Министрлер кабинети 3 июнь 2025 10:00
Адылбек Касымалиев Тажикстанга иш сапары менен барат
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-5-июнь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен барат. 

Иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат. 

Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөрү жана бир катар документтерге кол коюлары пландалууда.