Адылбек Касымалиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинети Загрузка... 24 Февраль 2025 14:10
25013_1740384217_lg.jpeg
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгү жана алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын алкагында жакшы коңшулук мамилелерди жана өнөктөштүктү бекемдөөгө эки тараптуу кызыкчылык баса белгиленди.