Адылбек Касымалиев ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугушту

Министрлер кабинети 18 Ноябрь 2025 09:45
691b2e759cf44 (1).jpeg
691b2e7cd9134.jpeg
691b2e7b20b56.jpeg
691b2e7d8fa44.jpeg
691b2e7a5f8e8.jpeg
691b2e79bae38.jpeg
Алдыга
Артка
691b2e759cf44 (1).jpeg
691b2e7cd9134.jpeg
691b2e7b20b56.jpeg
691b2e7d8fa44.jpeg
691b2e7a5f8e8.jpeg
691b2e79bae38.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. 

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун алкагында 2026-жылы Бишкек шаарында өтө турган ШКУнун алдыдагы саммитине даярдыктын негизги аспектилерине, ошондой эле ШКУнун 25 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландарына өзгөчө көңүл бурулду. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын айрым демилгелерине, анын ичинде ШКУда каржылык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерине көңүл бурду. 

Өз кезегинде Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Кыргызстандын уюмдун алкагындагы активдүү ролун жогору баалады жана ШКУнун Катчылыгы Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.