Касымалиев ШКУ өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйынына катышты

Министрлер кабинети 18 Ноябрь 2025 16:44
691c3f1c3b8be.jpeg
691c3f174cbe3.jpeg
691c3f109d03e.jpeg
691c3f0de3702.jpeg
Алдыга
Артка
691c3f1c3b8be.jpeg
691c3f174cbe3.jpeg
691c3f109d03e.jpeg
691c3f0de3702.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү 24-жыйынына катышты. 

Жыйын Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен делегациялардын жолугушуусунан башталды, андан соң салттуу түрдө сүрөткө түшүү аземи болду. 

Тар чөйрөдөгү жыйындын жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелери боюнча жемиштүү талкууларды өткөрүштү.

Катышуучулар глобалдык экономиканын актуалдуу чакырыктарын карап чыгып, Шанхай кызматташтык уюмунун аймагында көп тараптуу интеграцияны бекемдөөнүн конкреттүү жолдорун белгилешти. 

Ошондой эле уюмдун ичиндеги өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, анын ичинде жалпы экономикалык инструменттерди өнүктүрүү жана ар кандай секторлордо тыгыз байланыштар үчүн шарттарды түзүү аркылуу басым жасалды.