Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Шайлоо таза, ачык-айкын жана коопсуз өтүшү керек, - деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын биринчи отурумунда.
Минкаб төрагасы мамлекет шайлоо процессин мыйзамды так сактоо менен уюштурууга кепилдик берээрин, бардык катышуучуларга бирдей шарттарды камсыздап, административдик ресурсту колдонууга жол бербей турганын белгиледи.
Ал жооптуу мамлекеттик органдарга бардык шайлоо участкаларында коомдук тартипти, электр энергиясы менен туруктуу камсыздоону, ишенимдүү интернет байланышын камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тапшырды.