Адылбек Касымалиев Сауд Аравиянын делегациясы менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Министрлер кабинети 21 май 2025 12:20
682ca0e63c80a-thumb.jpeg
682ca0dc3274c-thumb.jpeg
682ca0e5a9ea6-thumb.jpeg
682ca0e683d63-thumb.jpeg
682ca0ecdd35c-thumb.jpeg
682ca0ed7b479-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
682ca0e63c80a-thumb.jpeg
682ca0dc3274c-thumb.jpeg
682ca0e5a9ea6-thumb.jpeg
682ca0e683d63-thumb.jpeg
682ca0ecdd35c-thumb.jpeg
682ca0ed7b479-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Ташкент, 21.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Сауд Аравиянын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын Башкармалыгынын төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзи баштаган делегация мүчөлөрүн кабыл алды. 

Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, делегациянын иш сапары кыргыз ишкерлери менен жакындан таанышууга, биргелешкен инвестициялык кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоого, жыйынтыгында өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүүгө жакшы өбөлгө болооруна ишеним артарын билдирди.

“Делегацияңыздын курамына көрүнүктүү, алдыңкы ишканалардын жетекчилери кириптир. Сиз жетектеп келген Сауд Аравиясынын ишкерлер делегациясынын сапары кыргыз-сауд мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет деп ишенем. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкта кыргыз-сауд Ишкерлер кеңешинин ролу дагы абдан маанилүү”, – деди минкаб төрагасы.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү жөнүндө токтолуп, соңку үч жылда өлкө экономикасы 9% деңгээлинде ишенимдүү өсүп жатканын, 2025-жылдын 4 айында ички дүң продукциянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7 %ды көрсөткөнүн, эл аралык “Стандарт энд Пуурс” рейтинг агенттиги жакында эле Кыргызстанга туруктуу прогноз менен В+ кредиттик рейтингин ыйгарганын, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 128 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалганын айтып, бул көрсөткүчтөр жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун ырастап тураарын билдирди. 

Өз кезегинде Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Падышалыгынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык мындан ары да өнүгө берерине жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактар боюнча тереңден иш алынып барыларына ишенерин билдирди. 

Маалым болгондой, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык 2024-жылга карата – 2,83 млн долларды түзгөн.

Мындан тышкары тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы энергетика тармагы, туризм тармагы, соода-логистикалык борборлорду куруу, тамак-аш продукциясын, эт продукциясын Сауд Аравияга экспорттоо сыяктуу бир катар перспективдүү багыттарды талкуулап, бул тармактарда кызматташуунун мүмкүнчүлүгүн карашты.