Адылбек Касымалиев самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына катышты

Министрлер кабинети 07 Ноябрь 2025 18:27
690de3ff137d6.jpeg
690de43384860.jpeg
690de4215f14d.jpeg
690de4147b80d.jpeg
690de429c121b.jpeg
690de419e2920.jpeg
690de405f4165.jpeg
690de42f0e277.jpeg
690de40d5a18b.jpeg
690de3f7e33e7.jpeg
690de3a06acca.jpeg
Алдыга
Артка
690de3ff137d6.jpeg
690de43384860.jpeg
690de4215f14d.jpeg
690de4147b80d.jpeg
690de429c121b.jpeg
690de419e2920.jpeg
690de405f4165.jpeg
690de42f0e277.jpeg
690de40d5a18b.jpeg
690de3f7e33e7.jpeg
690de3a06acca.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты. Өз сөзүндө ал Кыргызстан үчүн мындай масштабдуу эл аралык спорттук иш-чараны өткөрүү чоң сыймык экенин белгиледи. 

"Бүгүн Бишкекте дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн 659 спортчу – ар кайсы континенттердин, маданияттардын жана каада-салттардын өкүлдөрү чогулду. Бул спорт адамдарды бириктирип, чек араларды жоюп, адамзаттын башкы идеалдарын – тынчтыкты, достукту жана өз ара урматтоону ишке ашыра тургандыгынын ачык далили. Бул чемпионаттын өзгөчө мааниси бар – ал Кыргызстанда самбонун 60 жылдыгына арналган! Биздин өлкөдө бул спорттун тарыхы 1965-жылы Сергей Жулдыбин анын алгачкы негизин түптөгөндө башталган. Ошондон бери самбо Кыргызстандын спорттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп калды", - деди министрлер кабинетинин башчысы. 

Адылбек Касымалиев бул чемпионат жогорку деңгээлде өтүп, унутулгус эмоцияларды тартуулап, дүйнөлүк самбонун тарыхында маанилүү окуя болоруна ишенимин билдирди. 

"Сиздер өз өлкөлөрүңүздөрдүн сыймыгысыздар, талыкпаган эмгектин, күчтүү рухтун жана жеткилеңдикке умтулуунун үлгүсүсүздөр. Бишкектеги бул күндөр жаркын жеңиштердин, калыс беттештердин убактысы болсун. Ал элдердин ортосундагы достук байланыштарды бекемдеп, тынчтыктын жана спорттук боордоштуктун символу болуп калсын", - деди ал.